www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ГУБОПТУН орун басары кезинде Азамат Ногойбаев «Дөөгө» карата арыз жазып, «мени коркутуп жатат» таризинде ыйлактаган. Кылмыштуулукка каршы күрөшкөн жетекчи да ушундай жорукка барабы?
Убагында бул боюнча күлкүгө калып, милициянын кадырына шек келтирген... Дагы бир өкүнүчтүү жагдайга келсек, Азамат Ногойбаев Сокулук РИИБни жетектеп турганда, Күнтуудан улуттар аралык жаңжал чыгып, кыргыздар менен күрддөр араздашканы эсибизде. Бул райондон да иштей албай кеткен.
Таң каласыңда. Сүткө тойгон күчүк сыңарындай Бишкек ШИИБ начальнигине дайындалганы ишин тартып кете албай, өздүк урамга күлкү жаратып, а элди нааразы кылып келе жатат. Коомдук-коопсуздукту, тартипти камсыдай албай калды. Милиция кызматкерлери байма-бай парага айыпталып кармалып жатышканы жашыруун эмес.
Башкасын айтпасак да, 13 жашар кызды зордуктап жүрүшкөн Свердлов РИИБнин кызматкерлери, «кызыл шапкечендер» болуп чыгышты. Булар өздөрү оор кылмыш кылып жатышса, анан кайсы жакшылыкты күтөсүңөр? Кол астындагылардын айбанчылыгы үчүн Азамат Ногойбаев өздүк курамды башкара албай калганын мойнуна алып, моралдык жоопкерчилик үчүн креслосун тапшырып кетиш керек эле. Бирок тырышып отурат. Шиши толду, качан «жарылат»?
Булак: Азия News гезити