www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-июль күнү Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен.
Издөө иштерине куткаруучулар, ИИМ кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылып, бирок 4 күндөн бери жыйынтык чыга элек.
Изделип жаткан 4 жаштагы кыздын атасы издөө иштерине дрон жана ыктыярчылар тобу тез арада керек болуп жаткандыгын социалдык тармактарга жазып, жардам сурады.
Издөө иштерине жардам берүүнү каалагандар кыздын атасына байланышса болот: Сабыр - 0705-60-37-04, 0555-99-56-26.
Белгилей кетсек, көлгө 5 адамдан турган балалуу үй-бүлө жээкте эс алып жаткан кезде шамал болуп, көл бешөөнү тең баллондору менен кошо жээктен алыс тартып кеткен. Аларды кайыктагы жергиликтүү тургундар таап, жээкке алып келишкен. Бирок 4 жаштагы кызды таппай калышкан.
Булак: NazarNews.kg