www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Ташкент шаарынын Улуттук гвардиянын офицери аялынын эки жарым жаштагы жээнин сабап өлтүргөн. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, баланын апасы уулун эжесине таштап, Түркияга иштөө үчүн кеткен. 2020-жылы 31-январда Улуттук гвардияда иштеген офицер үйүнө мас абалында келип, аялын жана жээнин сабаган. Бала ур-токмоктон каза болгон.

Офицер аялына “баланы тепкичтен кулап өлдү” деп айтууну буюрган.

Аял жээнин көмүү үчүн айылына барган. Баланын туугандары анын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк алуу үчүн дарыгерге кайрылышкан. Айылдык фельдшер баланын тепкичтен кулап өлгөнүнөн күмөн санаган. Мындан соң наристенин апасы укук коргоо органдарына кайрылып, баланын сөөгү экспертизага жөнөтүлгөн.

Сотмедэкспертиза бала ур-токмоктон алган жаракатынан улам өлгөнүн аныктаган. Бул иш Ташкент шаардык сотуна жөнөтүлгөн.

Сот Улуттук гвардиянын офицерин “Атайлап киши өлтүрүү” жана “Кыйноо” беренелери боюнча айыптуу деп таап, 19 жылга эркинен ажыратты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости