www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында болгон окуядан улам Исфара районунун Чоркух айылдык жамаатынын Сомониён айылынын тургуну көз жумду. Бул тууралуу тажик маалымат каражаттары Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын билдирүүсүндө айтылгандай, окуя бүгүн, 6-августта, таңкы саат 4тө болгон.

"Белгисиз адам чек ара кызматынын "Көкташ" өткөрүү пунктунун башчысын, улук лейтенант Шер Кабировду ТОЗ-8 мергенчилик мылтыгы менен атып жарадар кылган. Ошондой эле, бүгүн эртең менен кыргыз тараптын атылган огунан Тажикстандын Исфара шаарынын Чоркух айылдык жамаатынын Сомониен айылынын тургуну, 1955-жылы туулган Ваххобов Вохид Абдулхаевич көз жумган.

Учурда эки өлкөнүн жооптуу түзүмдөрүнүн өкүлдөрү окуя болгон жерде иликтөө жүргүзүп жатышат", - деп айтылдат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости