www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Июль айынын ичинде бишкектик ишкерлер санитардык талаптарды бузгандыгы үчүн 395 миң сомго айыпка жыгылды. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

"Эреже бузгандардын көпчүлүгү кафе жана тез татым түйүндөрү. Ошондой эле ишмердүүлүгүнө уруксат берилбеген, бирок жашыруун иштеп жүргөн компьютердик клубдарда дагы тартип сактабагандык байкалууда", — деп айтылат маалыматта.

Пандемия учурунда коюлган талаптардын сакталышына көз салган Санитардык-экологиялык инспекция иштей баштагандан бери 289 протокол түзүлүп, 1 миллион 287 миң сом айып салынганы айтылат.

Санитардык-экологиялык инспекциясынын байланыш номерлери:

  • Биринчи май району: 0555 404 818;
  • Свердлов району: 0551 551 745;
  • Октябрь району: 0 500 210 470;
  • Ленин району: 0500 085 580.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости