www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада Кыргызстандын жараны ымыркайын түн ичинде коляскада таштап кеткен. Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Башкы башкармалыгынан билдиргендей, 5-августка караган түнү жолдо бара жаткандар подъезддин алдында турган коляскада жаткан баланы көрүшкөн. Алар дароо укук коргоо органдарына бул тууралуу кабарлаган. Окуянын видеобайкоого түшүп калганын Россия 24 каналы жарыялады. 

Дарыгерлер баланын ден-соолугун текшеришкенде анын ден соолугуна эч кандай коркунуч жок экени аныкталды.

34 жаштагы кыргызстандык аялдын айтымында, бул окуя "кокусунун" болгон. Аны жолдошу сабап, үйдөн чыгарып салгандан кийин ушундай кадамга барган.

Белгилүү болгондой, ымыркай сентябрда бир жашка толот. Бирок анын туулгандыгы жөнүндөгү маалым катынан (справка) башка документи (күбөлүгү) жок.

Аталган факты боюнча, жашы жете электердин укуктарынын сакталышына жана ата-энелик милдеттеринин аткарылышына баа берилүүчү текшерүү уюштурулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости