www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 25 млн 644 миңди түзүп, өлгөндөрдүн саны 854 миңден ашты. Вакцина иштеринин азырынча натыйжа бербегени, мектептердин ачыла баштаганы жана барган сайын катталгандардын санынын артышынан улам бир нече өлкө экинчи толкун коркунучунда жашап жатат.

Францияда вирус менен катталгандардын саны август айы боюнча 50%га көбөйүп, 281 миң 25ке чыкты. Август айында катталгандар июль айына салыштырмалуу 4 эсеге көп. Франциялык окумуштуулар вирусту өпкө клеткаларына жеткирбей өлтүрүүчү дарынын үстүндө иштеп жатышканын билдиришти.

Вирус көп катталган аймактар АКШ, Бразилия, Индиядан кийинки 4-орунда турган Россияда 17 млн окуучу мектеп босогосун аттады. Мектептерде мугалим жана окуучуларга маска тагынуу зарылчылыгы жок экендиги, ашкана кызматкерлери  гана тагууга милдеттүү экендиги белгилүү болду.

Ал эми Англияда 20-марттан тартып жабылган мектептер кайрадан эшигин ача баштады. Кечээ өлкө боюнча мектептердин 40% ачылып, калган бөлүгү апта ичинде ачылаары пландалууда. Аталган аймактарда маска тагынуу зарылчылыгы сөзсүз киргизилет. Ошентсе да, баланы мектепке жибергиси келбей, кооптонгон ата-энелер көп.

Венгрияда вирустун артышынан улам көрүлгөн чаралар кескиндештирилип, өлкө чек арасын толугу менен жабуу чечими кабыл алынды. Кечээ кабыл алынган бул чечимге ылайык, Венгриялык эмес жарандардын кайсы өлкөлүк экендигине карабастан өзгөчө кырдаалдардан тышкаркы абалда өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынат.

Испанияга караштуу Канария аралдарында вирустун жайылуу себебинен улам пляждарды жабуу чечими кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости