www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстан” партиясыныкы түшүнүктүу шайлоо алдында БШКдан аксап, шайлоого өтүү үчүн сотто чыгым болгондур. Ал эми парламенттик шайлоого биринчи ирет аттанып жатышкан “Биримдик” жана  “Мекеним Кыргызстан” партиялары электоратты алуу максатында кийинки орундарда келе жатат. Бир шайлоону башынан өткөзүп же бир сууну кечип, бөлтүрүктөн  азуулуу бөрүгө айланып бараткан “Бир бол” шайлоо марафону баштала электе катуу киришкендей. Отуз жылдан бери ойку-кайкыны көрүп, быйылкы шайлоого аттанган партиялардын эң сакалдуусу, өз такымын өзү жеп быйыл биринчилерден шайлоо үгүтүнө аттанган “Ата-Мекен”  бешинчи орунда, анын артында Муктар Өмүракунов түзгөн из менен “Замандаш” келатат. “Мекенчил” партиясынын жүзү жаңы болгону менен бул партияны “Ата-Журт” партиясы менен биринчи-экинчи орундарды камсыз кылып келаткан Камчыбек Ташиев жетектеп келатат. Сегизинчи келаткан “Республика” партиясынын тактикасы түшүнүксүз, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо акчаны самандай           сапырган бул партияда акча жетишерлик, парламенттик шайлоого көп маани бербей жатышабы же акчаларын эми чача баштайбы? ."Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" Акбөкөн Таштанбеков, Кожобек Рысбаев сыяктуулар парламентке келер менен жүздөрүн өзгөртүп кетишчү. Онунчу келаткан СДПКнын “баласы” Социал Демократтар" партиясы бул ирет деми азыраак, “Реформа”, “Чоң Казат”, “Ордо”, “Ыйман нуру”, “Нур” сыяктуу  эч кимге коркунуч туудурбайт. “Мекен ынтымагы” да такымын жегени менен “Бүтүн Кыргызстан” сыяктуу президенттик шайлоодон да, парламенттик шайлоодон да ийгиликсиз келатат.

1."Кыргызстан" партиясы - киреше 48 миллион 73 миң 764 сом, чыгаша: 43 миллион 125 миң 420 сом;

2."Биримдик" партиясы - киреше: 65 миллион 599 миң 900 сом, чыгаша: 35 миллион 732 миң 560 сом;

3."Мекеним Кыргызстан" партиясы - киреше: 31 миллион 35 миң сом, чыгаша: 28 миллион 381 миң 542 сом;

4."Бир бол" партиясы - киреше: 21 миллион 454 миң 70 сом, чыгаша: 18 миллион 264 миң 828 сом;

5."Ата Мекен" партиясы - киреше: 22 миллион 980 миң 636 сом, чыгаша: 15 миллион 699 миң 160 сом;

6."Замандаш" партиясы - 14 миллион 989 миң сом, чыгаша: 14 миллион 681 миң 417 сом;

7."Мекенчил" партиясы - киреше: 8 миллион 608 миң 900 сом;

8."Республика" партиясы - киреше: 9 миллион 500 миң сом, чыгаша: 7 миллион 819 миң 69 сом;

9."Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" - киреше: 7 миллион 424 миң сом, чыгаша: 6 миллион 453 миң 160 сом;

10."Социал Демократтар" партиясы - киреше: 7 миллион 234 миң 510 сом, чыгаша: 6 миллион 967 миң 825 сом;

11."Реформа" партиясы - киреше: 6 миллион 361 миң 468 сом, чыгаша: 6 миллион 78 миң 218 сом;

12."Чоң Казат" партиясы - киреше: 6 миллион 162 миң 914 сом, чыгаша: 6 миллион 38 миң 446 сом;

13."Мекен ынтымагы" партиясы - киреше: 5 миллион 964 миң сом, чыгаша: 5 миллион 964 миң сом;

14."Ордо" партиясы - киреше: 5 миллион 925 миң сом, чыгаша: 5 миллион 921 миң 946 сом;

15."Бүтүн Кыргызстан" партиясы - киреше: 5 миллион 663 миң 300 сом, чыгаша: 5 миллион 213 миң 945 сом; Бул партия шайлоого катышуу укугунан ажыратылды.

16."Ыйман Нуру" партиясы - киреше: 5 миллион 541 миң 350 сом, чыгаша: 5 миллион 511 миң 267 сом;

17."Нур" партиясы - киреше: 33 миң 490 сом, чыгаша: 33 миң 490 сом;

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости