www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун экинчи баскычы ишке киргизилди. Ишмердүүлүк чөйрөлөрүнүн тизмеси иштелип чыккан критерийлерге ылайык жана анын өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга таасирин эске алуу менен иштелип чыккан. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

2020-жылдын 11-майынан тартып карантиндик режимде финансылык жана башка кызмат көрсөтүүлөр, калкты тейлөө кызматтары, сооданын айрым багыттары жана массалык маалымат каражаттары чөйрөсүндөгү уюмдардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилди. Карантиндик шарттарда санитардык ченемдерди сактоо үчүн жоопкерчилик өз ишин баштаган ишканалардын ээлерине/жетекчилерине жана жеке ишкерлерге жүктөлөт.

Белгилей кетсек, COVID-19 инфекциясынын жайылышынын жаңы тобокелдиктеринин пайда болушуна жол бербөө максатында бул баскычта коомдук унаалар иштебейт.

Булак: NazarNews.org

Последние новости