www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун Элмирбек Иманалиевди эскерип ыр жазды.

Таш кучактап калбайлы......

(Эл акыны Элмирбек менен коштошуу).

- Элмирбек кетти дүйнөдөн,

- Шум ажал бизден айырып,

- Тубаса туулган чоң талант,

- Канатын алды кайырып.

***

- Зор талант өттү  дүйнөдөн,

- Ичкен суусу тугөнүп.

- Жатып калды эл уулу.

- Топуракка бөлөнүп.      

***

- Калын эл жалпы ыйлады,

- Өлүмгө уулун кыйбады.

- Узатып аны жатканда,

- Ырдалды муңдуу ырлары.

***

- Кайгынын ыры ырдалды,

- Касиеттүү ыр калды.

- Сүйүүнүн ыры ырдалды, 

- Сүйүүсүз жетим ыр калды.

***

- Акындык жагын өзгөчө

- Таасирленчүбүз өзуңдөн

- Көп сырды көрүп турчубуз,

- Сүйкүмдүү сенин көзүңдөн.

***

- Бир келчү талант учканда, 

- Вирустан элим качпады.

- Жүрөгү сыздап кан өтүп,

- Үйүндө чыдап жатпады. 

***

- Улуу талант учканда, 

- Элимдин кетти шаштысы.

- Кайрылгыс болуп жоголду,

- Чоң өнөрдүн ачкычы.

***

- Келбетин сенин керилген,

- Жылмайуу кетпей өнүңдөн.

- Орошон ойлоп чабыттап,

- Керемет сөздөр төгүлгөн. 

***

- Жоргосу элең элимдин,

- Жоокери элең жеримдин.

- Жүрөктүн таап кылдарын,

- Дабасын билген көңүлдүн. 

***

- Акындар элдин байрагы, 

- Көтөрүп бийик кармаган.

- Көйгөйүн айтып элимдин,

- Акыйкат сөздү сүйлөгөн.

***

- Акындар элдин туусу

- Желекти бийик кармаган.

- Акындар ойдун ордосу,

- Оргуштап чыккан дайрадан.

***

- Баарыбызды кубанткан,

- Улуу көчтү уланткан..

- Устаттар баскан жол менен

- Учугун улап бараткан.

***

- Элмирбекти көмгөндө, 

- Ашыкем болду өлгөндөй.

- Апкаарып турдук мүрзөдө,

- Кайрадан Ашыраалыны көмгөндөй.

***

- Элмирбекти көмгөндө,

- Эстебес болду өлгөндөй,

- Элестетип биз жаттык,

- Эл сүйгөн Эстекемди көмгөндөй.

***

- Элмирбекти көмгөндө,

- Токтосун болду өлгөндөй. 

- Токтоно албай биз турдук,

- Ошол Тыныбековду көмгөндөй.

***

- Элмирбекти көмгөндө,

- Тууганбай болду өлгөндөй.

- Тумчугуп турдук мүрзөдө,

- Ошол устатын кайра көмгөндөй.

***

- Элмирбек тирүү кезинде,

- Көңүлүбүз ток эле. 

- Ашыкем тирүү жүргөндөй,

- Кайгыбыз деле жок эле.

***

- Элмирбек төгүп жатканда,

- Көңүлүбүз ток эле.

- Эстекем ырдап жаткандай, 

- Кайгыбыз биздин жок эле.

***

- Элмирбек ырдап жатканда,

- Турчубуз биз да сүйүнүп,

- Тууганбай ырдап жаткандай,

- Болчу эмес бизде күйүнүч.

***

- Табыты орго кирээрде,

- Ишенбей турдук өлгөнгө.

- Мүрзөдөн арман үн чыгып,

- Кыйын болду көмгөнгө.

***

- Сөөгүн жерге коердо,

- Кыйбай турдук өлгөнгө,

- Түпкүрдөн муңдуу үн чыгып. 

- Батынбай турдук көмгөнгө.

***

- Акындарын кыргыздын,

- Азыртадан баалайлы!

- Алдырып ийип ажалга

- Таш кучактап калбайлы.

***

- Өнөрлүүлөрүн кыргыздын,

- Өзгөчө сүйүп баалайлы!

- Өткөрүп ийип жашоодон,

- Өкүрүк салып калбайлы?  

***

- Таланттууларын кыргыздын,

- Талыкпастан баалайлы!

- Таш боор ажалга алдырып

- Ушинтип, таш кучактап калбайлы!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости