www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) пандемиясы менен күрөшүүнүн алкагында уюштурган «Диаспора COVID-19 колдоо жана кызматташтык программасынын» алкагында чет өлкөдө жашаган атуулдар жана алар түзгөн жарандык коомдук уюмдар менен кызматташтыктын алкагында бет кап жана фартук өндүрүү сыяктуу ар түрдүү тармактарда иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

YTBнын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда, Башкармалык чет өлкөдөгү атуулдарын пандемияга каршы күрөшүүсүндө өлкөлөрүндө жүргүзгөн ыктыярдуу иш-аракет жана акцияларга колдоо көрсөтүүдө.

Ушул алкакта муктаждарга жардамдар жеткирилип жатканда Түркиянын жарандык коомдук уюмдары өндүргөн бет кап жана фартуктар да тийиштүү өлкөлөрдөгү бейтаптарга тапшырылууда.

YTB баштаган колдоо программасынын алкагында Францияда ишин жүргүзгөн Колмар дин иштери Түрк Ислам биримдиги (DİTİB) коомунун ыктыярдуулары, чөйрөдөгү ооруканалардагы кызматкерлер үчүн социалдык аралыкка көңүл буруп бет кап жана фартук өндүрүүсүн улантууда. Бүткөрүлгөн алгачкы бет кап жана фартук партиясы Мюлуз ооруканасына тапшырылат.

Колмар коому тарабынан жүргүзүлгөн иштердин алкагында аймактагы картаңдар үйлөрү жана пандемиянын себебинен тыгыз иштеген жергиликтүү полиция менен өрт өчүргүч кызматкерлерине да ар түрдүү тейлөөлөр сунушталууда.

YTBдан алынган маалыматка караганда ушул алкакта Бергеймдеги Les Proximelles карылар үйүндөгү улгайгандарга колдоо көрсөтүү үчүн сый тамак берилди. Аймакта кызмат кылган жергиликтүү полиция жана өрт өчүргүчтөргө пицца таратылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости