www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистанда дарыгерлер ишин таштады

Пакистандын эң чоң Пенжаб провинциясында медицина кызматкерлери иш ташташты. Алар коронавируска каршы күрөшкөндөргө берилген коргоо кийимдеринин сапаты начар экени айтып жатышат. Бул тууралуу ЖМКлар жызып чыкты.

Сапатсыз жабдуунун айынан COVID-19 илдетине чалдыккан медиктер көбөйүп жатканын Жаш дарыгерлер ассоциациясынын Пенжабдагы жетекчиси, акцияны уюштуруучулардын бири Салман Хасиб Чодри 26-апрелде билдирди. Анын айтымында акыркы 24 саатта Пакистанда 100 медицина кызматкери коронавирус жуктурганы аныкталган.

Расмий маалыматка ылайык, жекшембиге карай өлкөдө жаңы вирусту жуктургандардын жалпы саны 13 миңди чамалап, 269 адам көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости