www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун баш-аягы сегиз кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу ЖМКларга Бишкек шаардык мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Анын сөзүнө караганда, аталган борборду карантинге жабуу маселеси азыр бир жаңсыл болуп чечиле элек.

«Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча вирус алты кызматкерден чыкты. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбору бизге сегиз киши деп маалымат берди. 24-апрелде борбор дезинфекция болду. Бирок айрым иш бөлмөлөр жабык турат. Алар да тазалангандан кийин иштээр-иштебесин санэпидкөзөмөл борбору айтат».

26-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дагы үч кызматкеринен COVID-19 вирусу аныкталганын, алар илдетти жумуш учурунда жуктуруп алышканын билдирген.

Бактыгүл Исмаилова сөз болуп жаткан бейтапкананын дарыгерлери вирусту кайдан кантип жугузуп алганы иликтенип жатканын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости