www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бажы кызматынын экс-төрагасы Адамкул Жунусовго издөө жаряланды. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы А.Жунусовго Кылмыш кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогон. Аны 2013-жылдан 2016-жылга чейин Бажы кызматынын төрагасынын милдетин аткарып турганда “А.” ЖЧКсы жана Бажы кызматынын башка кызмат адамдары менен туруктуу жемкордук байланышын уюштургандыгы үчүн айыпташууда.
“А.Жунусов кызмат абалынан пайдаланып “А.” ЖЧКсына бажы аймагын туура эмес идентификациялоо жолу менен иштетүүгө уруксат алууга жардам берген. Мунун айынан аталган ЖЧКнын алып кирген товарлары “Импорт 40” режиминдеги жалпы негизде катталышы керектигине карабай, Кыргыз Республикасынын бюджетине кириштелүүчү төлөмдөр боюнча бажы артыкчылыктарына ээ болгон. Бажы кызматынын экс-төрагасынын мыйзамсыз аракеттеринин жыйынтыгында бюджетке түшпөй калган милдеттүү бажы төлөмдөрү иретинде мамлекетке 166 млн сомдук материалдык зыян келтирилген”, - деп айтылат Финполдун кабарында.
Учурда А.Жунусов тергөө органдарынан жашырынып, анысы менен тергөөнү объективдүү алып барууга тоскоолдуктарды жаратууда. Анын жасаган иш-аракеттери өзгөчө оор кылмыш категориясына жатат.
2018-жылдын 18-августунда А.Жунусовго Кылмыш кодексинин 34-беренеси боюнча сыртынан айып тагылып, 28-августта Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу жөнүндө сыртынан чечим чыккан.
Адамкул Жунусов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бир болгон.АлБажы кызматына 2013-жылы Кубанычбек Кулматовдун ордуна келген. Бул орундан 2016-жылы бошоп, ошол эле замат Евразиялык экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура министрлигине дайындалган жана бул милдетти2018-жылдын февраль айына чейин аркалаган.
Буга чейин бул чиновникке 2014-жылдын 2-кварталында бажы кызматкерлерине мыйзамсыз жолдор менен 3,3 млн сом сыйлык катары төлөгөндүгү үчүн да кылмыш иши козголгон болчу. Жунусов бажы системасындагы эң бай адамдардын сап башында тураарын “Дело №” гезити жазып чыккан.
Булак: NazarNews.kg