www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул күндөрү кышкы камылганын жүйөөсү менен Бишкек ТЭЦинин жетекчилиги алмашары айтылууда. Учурдагы жетекчиси Андрей Воропаевдин ордуна тээ 2012-жылдары дал ушул мекемени башкарып кеткен Фрик Юрий аттуу эрендин келери, аны көшөгө артынан экс-премьер-министр Игорь Чудинов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Лев Васильев аттуу эргулдар таптап жатышканы сөз болууда.

Кызыгы, азыркы жетекчи Андрей Воропаевди да кезинде дал ушул депутат Лев Васильев жетекчиликке көтөрүүгө үлкөн салым кошуп, анысы үчүн «Нур», «САЭМ» аттуу өздүк фирмаларын Бишкек ТЭЦине иштеткени ачыкталабы? Сөз болуп жаткан Фрик Юрий деле жыргаган неме эместиги, 2013-жылы Бишкек ТЭЦинен акча жымырып ийип, кылтакка илинип, акыры камактан эки жолу инфаркт болуп, араң чыкканы жалганбы? Ушундай шектүү неменин жетекчилик орунга келүүгө моралдык акысы барбы? Тармакты бир жолу талкалаган немени экинчи жолу жолотуу менен бүгүнкү бийлик кадрдык саясаттан ката кетиришерин аңдашпайбы?

Андан көрө Бишкек ТЭЦиндеги буга чейинки афераларды ачыктап, аттиш-балкага байланышкан «фокус-мокустарды» тартынбай айтууга дааган экс-директору Нурлан Өмүркул уулун отургузуп коюшса болбойт беле? Энергетиктердин үй-бүлөсүнөн чыккан Нурлан мырза Бишкек ТЭЦинде баш-аягы 23 жыл иштеп, жылуулук мекемесинде башкы инженер, кыргыздан чыккан жалгыз жетекчи, чындыкты сүйлөгөн тажрыйбалуу адис экенин эске алып деле жетекчиликке кайрадан көтөрүшсө, ишти жөндөп кетет эле да. Керек кезде кадрдык саясаттан сунуш айтып, жол көрсөтүп коюу да жөндүү эмеспи.

Азырынча сунуш бердик, а жыйынтык чыгабы?

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости