www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва шаарында полиция кызматкеринин өлүмүнө шектелип кармалган М.Нурландын Баткен окуясына катышканы жана психикалык жактан жабыркаганы тууралуу маалыматты Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов жокко чыгарууда. Анын айтымында, М.Нурлан кармалганга чейин Москвадагы таттууларды чыгаруучу фабрикада иштеп келген.

«Нурлан агабыз 2003-жылы Россияга иштегени келип, 2008-жылы Россиянын жарандыгын алган. Баткен окуясына катышпаптыр. Өзү Москва шаарындагы таттуу чыгаруучу фабрикада, аялы театрды тазалап иштеп жаткан. Эки уулу бар. Улуусу 16 жашта болсо, кичүүсү 4 жашта.

Ал Россиянын жарандыгын алгандыктан, ага Кыргызстандын Москвадагы элчилиги укуктук жардам бере албай жатышат. Мындан улам жактоочу жалдаганга банктан эсеп ачылды. Кайдыгер карабай, агабызга жардам берели», - деди Улан Кошматов.

Уландын айтымында, куру дооматтан кутулуу үчүн М.Нурлан мекендештеринен жардам сураган.

«3-сентябрь күнү Москва шаарындагы "Курская" метро станциясында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында 1975-жылы туулган М.Нурлан полициянын текшерүүсүнө туш болгон. Анын жанында өзүн тастыктаган документтери жок болгонуна байланыштуу полиция бөлүмүнө алып киришкен. Полиция бөлүмүнүн эшигине тургузуп коюп, текшерүүчү полиция кызматкерлери ички бөлмөгө кирип кетишкен. Бир аз убакыттан кийин тарсылдаган үндү угуп, ички бөлмөнү караганда полиция кызматкери башынан кан агып жатканын көргөн. Корккон Нурлан сыртка чыгып, метродо иштеген орус аялдан тез жардам чакырууну суранып, жүрүп бара жаткан метрого түшүп кеткен. Үйүнө барганда окуяны үй-бүлөсүнө айтып берип, "мени Кудай сактады" деген ой менен жатып калган. Эртеси күнү ошол эле кийимдери менен жумушуна бара жатканда метродон кармалган.

Нурлан бир тууганыбыз азыркы тапта Москва шаарындагы Башкы тергөө комитетинин тергөө бөлүмүндө кармалып турат. Мекендешибиз куру жалаадан кутулуу үчүн кыргыз элинен жардам сурады. Ага Москвадагы күчтүү жактоочу жалдаганга туура келип жатат. Ал эми жактоочулардын эмгек акысы 500-600 миң рубль болот. Чоң суммадагы каражатты табууга Нурландын туугандарынын чамасы жок. Учурда анын агасы Канатбек Муратовдун атына банктан эсеп ачылды. Жардам берүүнү өтүнөбүз», - деди У.Кошматов.

Байланыш телефондору:

- Улан Кошматов: +996556969722;

- Нурландын бир тууган агасы Канат: +7 968 431-41-78.

Окуя тууралуу:

Москва шаарындагы «Курская» метро станциясында полиция кызматкерин өлтүрүүгө шектелип кармалган 42 жаштагы М.Нурлан 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясындагы аскердик иш-аракеттерге катышканын россиялык «Московский комсомолец» басылмасы кабарлаган.

Маалыматка караганда, ал Баткен окуяларында башынан жаракат алып, психикалык көйгөйлөр жаралган.

Ал 2010-жылы Оренбургдан Россия Федерациясынын жарандыгын алган. 7 жылдан бери аялы жана балдары менен Москвага келип жашап жаткан.

Ал эми Россиянын «Лента.ру» басылмасынын маалыматына караганда, камактагы шектүү М.Нурлан Оренбургдан.

«Шектүүнү метронун кызматкери тааныды. Ал (аял киши) кызматтык бөлмөдөн дабыш угуп, текшерүү үчүн барганда алдынан бейтааныш эркек киши жолуккан. Ал эми бөлмөнүн ичине киргенде полиция кызматкери жерде жатканын көргөн», - деп айтылат басылманын маалыматында.

Ал эми М.Нурлан бул кылмышка катыштыгы жок экенин айткан.

Тергөөнүн алгачкы версиялары боюнча, кылмышка шектүү адам маркумга кызматтык бөлмөдө кол салып, анын табелдик куралын тартып алган. Кайра ошол курал менен өлтүргөн.

Россиянын Тергөө комитети расмий ютуб-каналына видеокамерада сакталып калган тасманы жарыялаган. Андан шектүү кылмыштан кийин дароо «Курская» метро станциясынан кеткенин көрүүгө болот.

Булак: "Турмуш"

Последние новости