www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн Түрк тилдүү Мамлекеттердин  Кызматташтык Кеңешинин VI cаммитинде  мамлекет башчылары бир катар маанилүү документтерге кол коюшкан. Алардын ичинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата биргелешкен билдирүү  дагы бар.

Документте ТТМККга мүчө-мамлекеттерде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын салтанаттуу белгилөө боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн мааниси  баса белгиленет. Түрк тилдүү мамлекеттердин диалогун кеңейтүү, кызматташтыгын өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурастарынын мааниси зор экендиги айтылат.

Цивилизациялардын жана маданияттын диалог форматын кеңейтүү, интеллектуалдардын, окумуштуулардын, ойчулдардын, анын ичинде  жаштардын өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтчаларды түзүү актуалдуу экендигин белгиленет.

Жалпы тарыхый тамыры, маданияты, каада-салттары окшош болгон элдерибиздин ортосундагы боордоштук мамилелерди өнүктүрүүгө умтулуу менен ТТМККга мүчө мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун III Эл аралык Ысык-Көл форумун өткөрүү демилгесин колдоого алды.

Биздин элдердин ортосундагы толеранттуулук жана гуманизм маданиятын, жогорку адептүүлүктү, жарандык ынтымакташтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөнү жогорулатуу максатындагы долбоорлорго жаштарды тартууга багытталган биргелешкен социалдык жана гуманитардык демилгелерди илгерилетүү чечими кабыл алынды.

Ошону менен бирге Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасын, анын чыгармаларын которуу жана басып чыгаруу, драмалык искусство жана кино дараметин, ошондой эле заманбап медианын бардык мүмкүнчүлүгүн пайдалануу, Түрк-кеңешине мүчө-мамлекеттердин китепканаларында “Айтматов бурчун” жана түрк тилдүү мамлекеттердин жаш авторлору үчүн “Жаш жазуучуга Айтматов сыйлыгын” түзүү демилгесин колдоо аркылуу сактоо жана жайылтуу боюнча мүчө-мамлекеттердин аракетин улантуу зарыл деген чечимге келишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости