www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты, аталган калаанын ардактуу атуулу Турдакун Давлетовду Ысык-Көл облустук милициясындагылар сабаганын министрдин өзүнө кулак кагыш кылган элек. Атасынан уулу, калк кадырлаган инсанга кол көтөрүшкөн зөөкүрлөрдү тармак жетекчилиги «сөгүш бердик, уруштук» таризде мамиле кылып коюшкан.

Окуядан биздин гезит аркылуу кабардар болушкан президенттик аппараттын тиешелүү бөлүмү Балыкчыда жаткан Турдакун Давлетовго дароо телефон чалышып, Ысык-Көлдөгү зөөкүр чалыш МЕНТтердин үстүнөн кечикпестен президенттин наамына арыз жазуусун айтып, ишти жеке көзөмөлдөрүнө алышарын, береги формачан чоң муштумдардын күнөөсү тыкыр иликтенип далилденсе, катуу жазага тартышарын убада кылышты.

Баса, 31-август эгемендүүлүк майрамына карата депутат Турдакун Давлетовдун буга чейин жалпы Көл кылаасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Ысык-Көл облустук администрациясы «Облустун ардактуу атуулу» наамын ыйгарышты.

А мындай инсанды ошол эле кезде облустук милициянын кызматкерлери сабап жатышат. Тийиштүү органдар мындай адилетсиздикке үн ката алышабы?

Булак: "Азия Ньюс"
 

Последние новости