www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-сентябрда узак убакытка созулган оорудан улам 78 жаш курагында юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, прокуратура органдарынын ардактуу кызматкери, Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген юристи”, Кыргыз Республикасынын “Легендарлуу” парламентинин депутаты Асанкул Султангазиев дүйнөдөн кайтты.

Асанкул Султангазиев 1940-жылдын 5-декабрында Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Орто-Саз айылында жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолун Нарын облусунун Кочкор районунун прокуратурасында тергөөчү кызматынан баштап, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун прокурору, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын прокурору Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун прокурору, Сокулук районунун прокурору, Чүй облусунун прокурорунун орун басары кызматтарында талыкпай эмгектенген.

2002-жылы курагы боюнча ардактуу эс алууга чыгып, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы кызматын аркалаган.

Маркумдун сөөгү 7-сентябрда Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

NazarNews маалымат агенттиги Асанкул Султангазиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости