www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шердин абалы дагы эле оор, комадан чыга элек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук госпиталдын дарыгери, нейрохирург Миталип Мамытов билдирди.
Эске салсак, экс-депутат Болот Шер 12-июнга караган түнү инсульт алып ооруканага түшкөн.
"Бүгүн эртең менен дарыгерлер менен Болот Шердин абалын көрдүк. Ал-абалы дагы деле оор. Аппарат менен дем алып жатат. Кан басымы 160-170ке чейин көтөрүлүп кетүүдө. Мээсине кан куюлуп кеткен. Бүгүн борбордук жандандыруу бөлүмүндөгү өзүнчө палатага которгону жатабыз. Буга чейин шашып алып келгендиктен, жалпы реанимацияда болчу. Дарыгерлер колунан келген медициналык жардамын көрсөтүүдө", — деди нейрохирург.
Мамытов экс-депутаттын башына операция жасалбай турганын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg