www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-губернатор Жусупжан Жээнбековду кепке тартып, коррупция менен күрөш жана Шадиевге чыккан соттун чечими боюнча пикир алыштык.

--Жусупжан мырза, Аскарбек Шадиевге оор беренелер менен кылмыш иши козголгон эле. Кечээ жакында  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 5 жылга сыртынан соттоп,  60 миң айып салган чечим чыгарганы маалым болду. Бул нерсе президент сотторду көзөмөлдөбөйт дегенден кабар береби же коррупция менен күрөш токтогонун айгинелейби?

--Албетте, бул нерсе президенттин укук коргоо органдарынын ишине, сот системасына кийлигишпегенинен, көзөмөлгө албаганынан кабар берет. 

Бирок, соттордун элдин  нааразычылыгын жараткан, Шадиевге чыккандай чечимдери президенттин коррупция менен күрөшүн жокко чыгарганга барабар иш болуп жатканын да эске салышыбыз керек. Ушундан улам президент соттордун ишин көзөмөлгө алышы керек деген да жагдай жаралды. Дегеним, бизде сотторду тандоо кеңеши бар. Бирок, соттордун ишин көзөмөлдөөчү орган жок. Сотторду көзөмөлдөөчү орган жок болгондуктан, соттор президенттин саясатына каршы келген коррупционерлерге жеңил жаза берген резонанстуу чечимдерди чыгара башташты.  Ал тургай коомчулукта коррупционерлер арзыбаган каражат төлөп кутулуп, тоок урдагандар камалып атат деген нааразычылык күч алды. Ошон үчүн президенттин коррупция менен күрөшү жарытылуу жыйынтык берген жок деген пикирлер арбын айтыла баштады.

Чынында Аскарбек Шадиев депутат, вице-премьер-министр, министр болуп иштеген адам. Жооптуу кызматтарда иштеп жүрүп, коррупциялык кылмыш менен жазага тартылар маалда жоопкерчиликтен качып, чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, жаштарга, өсүп келаткан жаш саясатчыларга тескери өрнөк көрсөттү. Ал бул кадамы менен бийликти тоготпогондой таасир калтырды. Ага чыккан соттун чечими мамлекеттен миллиарддап алып, аз-маз акча берип, ишиңди бүткөрүп алсаң болот дегенге барабар иш болду. Мындан улам коомчулукта коррупция менен шектелип камакта отургандар деле оңой-олтоң эле эркиндикке чыгып кетет экен деген пикир калыптана баштады.

Ал эле эмес, бул темп менен кете берсек, жакында Алмаз Атамбаев да, шопуру да кандайдыр бир себептер менен эркиндикке чыгат окшойт деген имиштерге жем таштады...

--А балким, ага кылмыш иши козголгондо иш ушундай багытта болоору алдын ала макулдашылгандыр...

--Соттун чечиминен улам, бул иш башында эле чечилип, элдин эсинен чыкканча убакытты атайылап созушту окшойт деген ойго кептелип жатам. Мүмкүн анын табакташтары элдин деми басылгыча көзгө көрүнбөй тур деп атайылап эле чет мамлекетке чыгарып  жиберишкендир. Эмнеси болсо да,  Шадиевге чыккан соттун чечими коррупция менен күрөшүү эмес, тескерисинче коррупционерди колдоо болуп калды.

--Мындай чечим чыкканга тааныш-билиштик  роль ойнодубу же каражат маселе чечтиби?

--Мындай жагдайда тааныш-билиштик да, каражат да роль ойношу мүмкүн. Ошол эле учурда  коррупция менен күрөшөм деген тармактагылар менен кылмыш иши козголгондор кезинде бир акырдан жем жегендер да болушу ыктымал. Ошон үчүн кыйбас адамына кыянаттык кыла албай оор берене менен кылмыш ишин козгошуп, жыйынтыгында  жеңилдетилген чечим чыгарышкандыр. Бул бир жагы. Экинчи жагы элге арзыбаган сумма менен айып салынды деп, ар жактан көбүн өздөрү алышкандыр.

--Эгер сиздин болжолуңуз туура болсо, Президент коррупция менен күрөшкө кайдыгер мамиле кыла баштадыбы?

--Менин оюмча бийликтегилер коррупция менен күрөшкө кайдыгер мамиле кылып жатышкандай сезилет. Болбосо, соттун өзүм билемдигине жол берилбеши керек эле. Таңгалганым бир сапар Жогорку соттун чыгарган чечимин райондук сот жокко чыгарып койгон эле. Бирок, эч ким туура эмес чечим үчүн жоопкерчилик алган жок. СССРдин убагында райондук сот катачылыкка жол берсе, облустук сот адилеттүү карап, райондук сот катачылыкка жол берген болсо, жоопко тартылчу. Азыр соттордо андай жоопкерчилик жокко эсе экен. Болбосо, мамлекетке зыян келтирген, чек араны кесип өткөн чыккынчылыкка барабар иш кылган адамды  5 жыл сыртынан соттоп, 60 миң сом айып пул салган чечим чыгарбайт эле да.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости