www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп кетсе, чектөөлөрдү кайра киргизүүгө аргасыз болобуз, - деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 15-июндагы брифинг учурунда.

Анын айтымында, азыркы тапта коомдук жайларда, анын ичинде базар, соода кылган тармактарда санитардык талаптар аткарылбай жатат.

"Экономикалык ишмердүүлүгүнө уруксат берилген мекемелерге кайра чектөө кирип калышы ыктымал. Бет кап, кол кап кийип, аралыкты сактап коюу кыйынга деле турмак эмес. Коомдук транспорт жүрүп жатат. Анын ичинде бет кап кийбей канча киши жүрөт. Бири-бирине бир ооз сөз айтып, тартипке чакырган эч ким жок. Бейтаптардан кайда жүргөнүн, ким менен байланышта болгонун сурай келгенде алар коомдук транспортко түшүп, эл көп жерге барганын айтышууда. Андыктан сак болуп, бул маселеге түшүнүү менен мамиле кылалы", — деди Үсөнбаев.

Ошондой эле, ал жашы улгайып калгандарды эл көп чогулган жерден оолак болууга чакырды.

Эске сала кетсек, өлкөбүздө акыркы суткада 87 кишиден коронавирус катталып, жалпы 2372ге жетти. Анын ичинен 1813ү айыгып кетсе, 27 бейтап көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости