www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана жолдор министри болуш бул акча менен байлыкка чөмүлүү дегендей эле кеп окшойт да. Дегеним, азыркы министрдин кылыгы, андан мурдакы Аргынбекпи, Аргынбаевби, айтор ошонун кылыгы, анан да айтылуу Нурлан Сулаймановдун былыгы аргасыз ушул ойго түртөт тура. Эсиңерде болсо мурдагы транспорт жана жолдор министри Нурлан Сулайманов деген эргул өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп, ити бир топ чөп жеп, бат эле байыган.
Министр кезинде жол оңдоо боюнча тендерлерди өзүнүн жакын тааныштарына берип, “казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса” болгон эле. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калбайт тура. Кылыктары сыртка калкып чыга баштаганда экс-министрибиз куйругун түйүп Германияга кеткен боюнча дайыны чыкпай калган. Андан бери билинбей эле бир топ жыл өтүп кеткен соң Сулаймановдун Кыргызстанга келгени, өлкөдө тойлоп эле жүргөнү айтыла баштады. Канткен менен туулган жердин топурагы алтын эмеспи. Сыягы сагынса керек да. Ток этээри, министр болуп турганда бир катар каржылык сыйзам бузуу фактылары орун алгандыктан 2013-жылы Жогорку кеңештин депутаты болуп турганда Сулаймановго кылмыш иши козголгон.
Иш козголоору менен Сулайманов чет өлкөгө кире качкан. Мындан улам эл аралык издөө жарыяланган. Бирок, быйыл жай айларында Нурлан мырза Кыргызстандын эле ичинен табылды. Болгондо дагы Алайдын жайлоосунда кымыз ичип жүргөнүн бир депутат айтып чыкты. Андан көп өтпөй эле кылмыш иши кыскарып, өзү президентик шайлоого активдүү иштегени күбүр-шыбыр менен элди аралады. Мындан улам мыйзам ченемдүү собол туулуп турат. Нурлан мырза, сиз ортодон убакыт өткөрүп туруп эле калп эле актансаңыз сүттөн ак болуп чыга келесизби? Издөөдө жүргөнүңүздү билебиз, бирок чек арадан Кыргызстанга кантип кирдиңиз? Канча баага соттук ишти жаптыңыз? Кайрадан кызматка келүү планыңыз бар экен, кайсы орунду мелжеп турасыз?
Адамкерчилик үчүн дагы бир соболго жооп берсеңиз, сиздин оюңузча кайсы бир кызматкер “Ууру тойгончо жеп өлгөнчө актанат” болуп, жегенин жеп, майкөл-сүткөл турмушту камдап алган соң, кылган кылмышы үчүн жооп бербей акталып кете турган болсо, ал паракордун Кыргызстандын топурагын булгап басып келгенинин канчалык кажети бар? Дегеле, сиз өзүңүздү Кыргыз элинин, мамлекетинин алдында күнөөлүүмүн деп эсептейсизби?
Булак: "Де-Факто"