www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ош базардын айланасында дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу токтотулду”- деп Саламаттыкты сактоо министрлиги эбак эле билдирген. Тилекке каршы андай эмес. “Ош базарынын” айланасын кыдырган учурда эч кандай тыюу салынбастан мурда сатыкка чыгып жүргөн дары-дармектер дагы эле өз ишмердүүлүгүн кылып жатканын көрдүк. Министрлик элди алдайын дедиби же Ленин райондук администрациясы бир күн карап экинчи күнү жүктөлгөн унуткарып койдубу ким билсин.

Мыйзамсыз сатылган дары-дармектер жарандардын саламаттыгына кандай залаын тийгизет ага эс ким кепилдик бере албайт да. Эл эмне үчүн базардагы дарыны алууга кызыгат, анткени биздин иликтөөбүздө атайын дарыканаларга салыштырмалуу мыйзамсыз наркы 5 (беш) сомдон он беш (15) сомго чейин арзан. Анан албетте, карапайым элдин айлык айлык- маянасы аз болсо, арзан буюм кимди гана кызыктырбайт, айла жоктугунан деле алышы мүмкүн да.

Бирок улуттун саламаттыгы деп чуркап, ар бир жыйында айтылган сөздөр, өткөрүлгөн иш-чаралар жөн гана жел менен көккө сапырылып кеткендей. Бул иш качан кайра каралат, качан мыйзамсыз дары-дармектер жоюлат, биздин органдар качан өз кызматын так аткарат азыр бул суроого жооп табуу кыйын юолуп калды.

Булак: "Ачык Саясат"

Последние новости