www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Сирия жана Ирактагы согуш талааларынан кайтып келген отуз жараны бийлик аларга кечирим берген соң, кайра террордук топторго кошулуу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен. Бул тууралуу 2-февралда Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Кудратулло Назарзода билдирди.

Айтымында, соңку жылдары жалпысынан облустун 72 тургуну Сирия жана Ирактан кайтып келип, кылгандары үчүн өкүнүп жатканын билдиришкен. Бийлик аларга кечирим берген соң 38и жай жашоону тандап өз турмушун улантып жатса, калгандары кетип калган.

2015-жылы Тажикстандын Кылмыш кодексине чет жактардагы террордук уюмдардын катарынан чыгып, өз ыктыяры менен мекенине кайтып келген жарандарга бийлик тарабынан кечирим берүү мүмкүнчүлүктөрү каралган өзгөртүүлөр киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости