www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Же аймакты көтөрбөйт, же ишин билбейт. Бирок, ошол эле маалда артынан калбыры калдандап сүйрөлүп, коомчулукка уят эле болуп жүрөт. Бул каарманыбыз Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев. Бул мырза тууралуу коомчулук айта берип, ММК жаза берип тажагандай болду. Анын артындагы “мусорлору” казылып чыга баштады.

Кыякендин мыйзамсыз иштери, өзү Майлуу-Суу шаардык кенештин төрагасы болуп туруп өзүн Майлуу-Суу шаарына мэр кылуу боюнча чыгарган буйругу боюнча өткөн сандарыбызда далили менен жаздык эле. Бул боюнча тиешелүү органдар тыкыр иликтеп жатканын эшиттик. Кыянбекке жакында чара көрүлчүдөй болуп калды… Ооба, бирөөнө кыянаттык кылуу оюбузда жок. Бирок, ал жашай берсинчи деген мамиле менен бүтүндөй бир облусту “самсанын” деңгээлине койгонубуз туурабы?

Булак: "Де-Факто"

Последние новости