www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык соту айыпталуучулардын адвокаттарынын баш калаанын экс-мэрлеринин иши боюнча аппеляциялык арызын кароону аяктады.
Сот коллегиясы Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Анда Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылса, Кубанычбек Кулматовго айып пул салынды.
Мурунку мэр Кубанычбек Кулматов чечимге даттануу ниетинде экендигин билдирди. «Мен акырына чейин күрөшөм, атамдын ысымын булгаганга жол бербейм» деди ал.
Албек Ибраимов соттун өкүмүнө даттанабы же жокпу азырынча белгисиз. Анын адвокаты Сергей Слесарев бул маселени кардары менен талкуулоо керектигин айтты.
Эске сала кетсек, бир нече эпизоддор бир кылмыш ишине кошулган: кытай грантынын жардамы менен Калыс-Ордо турак жайды куруу, “Солнечный берег” пансионатын жана “Дастан” ишканасынын атайын бөлүктөрүн сатуу, ошондой эле муниципалдык жер участокторун жеке жана юридикалык жактардын пайдалануусуна берүү.
Булак: NazarNews.kg