www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Шамурза Бөрүкулов учурдагы өлкөнүн абалы тууралуу билдирүү жазып чыкты.

Анын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

"Кембагалды ат үстүндө ит кабат" болуп таптакыр эле пешенебиз шор болуп ачылбай койду. Акыркы он жылда өлкөбүз Кыргызстан тууралуу эч эле жакшы кабар укпай калдык. Согуштун бүткөнүнүн 75 жылдыгына карата даярдалган өтө маанилүү иш чарага барардын алдынан коронавируска текшерилишип алышпайбы, анан барышпайбы.
Эгер эле президент ээрчитип баргандардын экөөнөн коронавирус чыккан болсо, демек пайыздык катыш менен алганда, өлкөдө коронавирус менен оорубаган адам аз эле экен. Андай болгондо карантин киргизиштин эмне кереги бар, себеби эл эки жактан зыян көрүп калат экен. Коронавирус токтой турган түрү жок, а эл ачка олтурсунбу?

Башка салганды көз көрөт деп: "кудай сактасын" деп тилек кылып, тириликти кыла бериш керек. Башка улуттардын жанында баш көтөрө албай калгандай денгээлде позор болдук, түшүнгөн адамдарга. Ушунун баары келип Кыргызстанда тартиптин жоктугунун кесепети болуп жатат. НПОлору батыштын, молдолору арабдардын жашоосун киргизебиз дешип, мыйзамга таптакыр баш ийбей калышкан. Кой дей турган бийлик коронавирус ээрчитип жүрсө....”,-деп жазып чыкты Шамурза бөрүкулов.

Белгилей кетсек, бүгүн, 24-июнда Москва шаарында өтө турган парадга барган өлкө башчыны коштоп баргандардан коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу президент ага катышпай эле коюуну чечкендиги айтылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости