www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Малайзияда сот 1MDB фондунун тегерегиндеги бир нече миллиард долларлык чууга байланыштуу мурдагы премьер-министр Нажиб Разакты 12 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Судья Мохамад Газали 28-июлда Нажибди "Арам акчаны адалдаштырган", "Кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган", "Ишенимге кылмыштуу жол менен кирген" деген беренелер боюнча күнөөлүү деп тапты. Ага ошондой эле 49,3 миллион доллар айып чегерилди.

Нажиб өзү 2009-жылы Малайзиянын экономикалык өнүгүүсүн тездетүү максатында ачкан 1MDB фондунан уурдалган акчага тиешеси жок экенин айтып келет.

Тергөөчүлөр аталган фонддон кеминде 4,5 миллиард доллар уурдалып, татаал операциялар аркылуу адалдаштырганын айтышкан. Ал акчага зер буюмдар, кымбат баалуу мүлктөр, яхталар жана турак жайлар алынган.

Нажиб Разак камалардын алдында, 2018-жылы "Reuters" агенттигине берген маегинде үйүнөн табылган 300 коробка зер буюмдар жана кымбат баалуу сумкалар аялы жана кызына келген белектер экенин айткан. Ал ошондой эле күйөө баласы, Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жээни Данияр Назарбаев да он миңдеген долларлык сумкаларды белек кылганын кошумчалаган.

Нажиб Разак Малайзия өкмөтүн 2009-жылдан 2018-жылга чейин башкарган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости