www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаевдин жардамчысы болуп дайындалган Дастан Шаршеев жаңы кызмат орду тууралуу үн катты.

“Жакшы сөзүн айтып, мени колдогон бир туугандарга чоң рахмат. Чубак ажы устазыбыз дагы мени колдогон, мага ишенген. Бирден-бир чоң түрткү болгон. Ошон үчүн биз иш менен көрсөтөбүз”, - деди Шаршеев.

Ошондой эле, ал ар кандай сын-пикир айтуудан карманып, иштөөгө убакыт берүүнү өтүндү. Мушкер Ысык-Көл облусун көтөрүүгө аракет кыларын, эл үчүн иштей бере турганын, кичи мекени үчүн кызмат кыларын кошумчалады. 

Белгилей кетсек, мушкер Дастан Шаршеев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн жардамчысы болуп дайындалды.

Эске сала кетсек, Чубак ажы Жалилов каза болордон мурда сүйлөшкөн акыркы кишилердин бири - Шаршеев болгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости