www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда төрт мамлекет менен туруктуу аба каттамдарын кайра ачууга уруксат берилди. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, төрт мамлекет менен 1-августтан тартып туруктуу негизде каттамдарды уюштура баштоо тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатат, бирок бардыгынан эле так жооп боло элек.

«Өткөн жумада №72 протоколдук тапшырма чыккан, – деди ал. – Ошонун негизинде төрт мамлекет – Түркия, Орусия, Казакстан жана Араб Эмираттары менен ачканга уруксат берилди. 1-августтан деп жатабыз, бирок алардын шартына жараша болот. Мисалы, Орусия 1-августта ача албайт окшойт. Эгер ачып калса, жакшы болот. Алар жообун бере элек. Түркия «макулбуз» дегендей жооп берди, бирок сүйлөшүү аяктай элек. Казакстан макул болот го. Астанадан жана Алматыдан бирден рейс ачып берсе «Эйр Астана» уча турган болуп жатат. Азырынча алардан так жооп жок. Эмираттардан да жооп боло элек».

Кыргызстан эл аралык туруктуу авиакаттамдарды март айында башталган эпидемияга байланыштуу убактылуу токтоткон.

Бул маселени Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша чечерин 23-июлда транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдирген.

20-марттан 22-июлга чейин жалпысынан 113 чартердик рейс менен 18 миң жүргүнчү ташылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Последние новости