www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиядан келген дарыгерлер аймактарда иштешет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Россиядан келген дарыгерлердин бир тобу Ак-Талаа, Ак-Суу райондорундагы ооруканаларда жана Токмоктогу аймактык бейтапканада иштешет. Дагы эки тобу Ош жана Жалал-Абад облустарына жиберилген. Маалыматка ылайык, алар Кыргызстанга бир айлык мөөнөткө келишкен.

Россиялык адистер COVID-19 инфекциясын жугузуп алгандарды дарылоодо практикалык жардам көрсөтүшөт.

23-июль күнү Орусиянын Башкырстан автоном аймагынан хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, инфекционист, пульмонолог жана башка адистиктеги тажрыйбалуу дарыгерлер келген. Алар орус өкмөтүнүн Кыргызстанга гуманитардык жардамы алкагында келишкени кабарланган.

Коронавирус эпидемиясы курчуган июнь-июль айларында медицина кызматкерлери жетишпей, өкмөт медициналык билими барлардын баарын мобилизацияга чакырган. Россияда, Түркияда иштеген айрым кыргызстандык медицина кызматкерлери дарыгерлерге практикалык жардам көрсөтүү максатында өз ыктыяры менен келишкен.

28-июлга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузуп алгандардын жалпы саны 33844 кишини түздү. 1091 бейтап айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирустан каза болгондор 1329 адамга жетти. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости