www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армения менен Азербайжандын чек арасында жаңжал күчөгөндөн кийин, кагылышуулар жана атышуулар 12-июлда уланып, натыйжада ондогон адамдар каза болуп, эки Закавказье өлкөсүнөн келген иммигранттар дүйнө жүзүндө кагылышууларды башташкан.
Армян жана Азербайжан диаспораларынын өкүлдөрүнүн ортосунда массалык мушташ Россия, Украина, Европа жана АКШда катталды. Ал тургай, атышуу жана өрттөөлөр дагы болуп жатат.
Ошентип, 24-июлга караган түнү Москвада армяндар менен азербайжандыктардын ортосунда кагылышуу болгон. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, Марьино районунда азербайжандыктар армян улутундагы адамдар бар унааларды токтотуп, алардын ичинде адамдарды сабап кетишкен. Азербайжан диаспорасынын өкүлдөрү "1001 ночь" ресторанына кол салынгандыгын жарыялады. Массалык мушташтар "Братиславская" метро станциясынын жанында да болуп өттү.
60тан ашуун азербайжандыктар менен армяндар Санкт-Петербургда массалык мушташтын алдын алуу үчүн кармалган.
Киевде 25-июлга караган түнү Азербайжандан келген эки студентке ок чыгарышкан. "Страна" гезити билдиргендей, жаңжал армян жана азербейжандыктардын эки өлкөнүн ортосундагы чыккан чырды талкуулоодон улам кайым айтышуудан келип чыккан.
Бир күн мурун Киевдеги армян диаспорасы ушул улуттук жамааттын өкүлдөрүнө таандык эки ресторанды - "Ноев ковчег" жана "Севанды" өрттөөгө аракет болгонун билдиришти. Ресторандарга өрт коюучу аралашманы ыргытышканы менен олуттуу өрттүн алды алынган.
Эки диаспоранын өкүлдөрүнүн тирешүүсү АКШда орун алган. Азербайжан телеканалынын маалыматына караганда, Лос-Анжелестеги консулдукта армяндар Еревандын саясатын сындаган азербайжандыктардын нааразычылык акциясына кол салышкан.
Ал жерде мушташ болуп, көп адамдар жабыр тартышкан. Андан кийин Ильхам Алиев (Азербейжандын президенти) АКШда жашаган мекендештерин этият болууга үндөдү.
Сан-Францискодо бир топ адамдар армян мектебинин имаратынын дубалдарын жана коридорлорун Азербайжандын ксенофобиялык жазуулары менен Азербайжан желегинин түсүнө боёп кетишти.
Армениянын элчиси Ашот Смбатян билдиргендей, Германияда армян диаспорасынын өкүлдөрүнө карата күч колдонуу, элчиликтерди, алардын мүлкүн бузуу же жок кылуу учурлары катталууда. "Армениянын Германиядагы элчилигинин кызматтык унаасы өрттөлдү" деп ал Facebook баракчасына жазган.
Буга чейин социалдык тармакта Лондондогу армяндар менен азербайжандыктардын ортосундагы мушташтын видеосу пайда болгон.
Булак: NazarNews.kg