www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-премьер-министр Апас Жумагулов суракка чакыртылды

Өлкөнүн 1993-1998-жылдардагы премьер-министри Апас Жумагулов суракка чакырылды. Бул тууралуу жактоочу Канат Хасанов  Facebook баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Жумагулов «Кумтөр» иши боюнча суракка чакырылган.

Атайын кызмат мекемелер аралык тергөө тобу Кыргызстан менен канадалык инвесторлордун «Кумтөр» долбоору боюнча келишимдерди түзүүнүн жагдайларын аныктоо боюнча иликтөө жүргүзгөн. УКМК тергөөдө топтолгон далилдерине таянып, Кумтөр кенин иштетүүдө келишимдерди жана ар кандай толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүүдө «Камеко» жана «Центерра» компаниялары сунуш кылган канадалык инвесторлор менен кызматташууда ири коррупция болгонун билдирген.

Атайын кызматтын маалыматында, 1992-жылы алтын кени боюнча башкы келишимди түзүүдө жана ага 1994-жылы өзгөртүүлөрдү киргизүүдө мурдагы президент Аскар Акаев, Реконструкциялоо жана экономикалык өнүгүү комитетинин мурдагы төрагасы Борис Бирштейнге коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Ал эми экс-премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов жана «Кыргызалтын» мамлекеттик концернинин мурдагы президенти Дастан Сарыгулов кылмыш жасоого шектүү деп табылып, эскертүү берилген.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана башка жогорку кызмат адамдарынын «Кумтөр» боюнча кылмыш иши тууралуу кеңири маалымат тараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости