www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев №47 түзөтүү абагынан чыккандыгы тууралуу видео социалдык тармактарда тарады.
Мурунку өкмөт башчы Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция иштерине байланыштуу күнөөлүү деп табылып, 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Мындай өкүмдү Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова чыгарган.
Кечээ, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтындагы оппозициялык күчтөр Жогорку Кеңештин дарбазасына барып, бирок кире алган эмес. Ошол маалда аларды күч органдары кууганга киришкен. Кийин Ак үйдү алган соң, митингчилер УКМКга барып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бошотуп кетишкен. Андан кийин Садыр Жапаров жана Сапар Исаков да чыкты.
Булак: NazarNews.kg