www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёл 10-июлда камакка алынып, азырынча Сеулдагы тергөө абагынын жалпы корпусунда 6,6 чарчы метрлик бир кишилик камерада кармалууда. Ага 3617-түрмө номери ыйгарылган, деп жазат “Чунан ильбо” гезити.

Мурдагы президент камерага кирердин алдында медициналык кароодон өтүп, бою менен салмагы өлчөнгөн. Андан соң тергөө абагындагы камактагылар кийе турган хаки түстөгү форманы кийип, жүзү менен сүрөткө түшкөн.

Юн Сок Ёл өзүнчө камерада жашайт. Бирок Сеулдагы тергөө абагында адамдар өтө көп болгонуна байланыштуу администрация аны мурдагы президенттерге берилгендей кең бөлмөгө жайгаштыра алган эмес.

Мисалы, 2017-жылы мартта камакка алынган Пак Кын Хе болжол менен 10 чарчы метрлик (дааратканасы менен кошо эсептелет), 6-7 адамга ылайыкташкан камерада кармалган. Ал эми 2018-жылы мартта камалган Ли Мён Бак болсо Сеулдун чыгышындагы тергөө абагында 13 чарчы метрлик өзүнчө камерада отурган.

Юн Сок Ёл жашап жаткан камерада, бул борбордун башка бөлүмдөрүндөгүдөй эле, кондиционер жок. Жөнөкөй электр желдеткич берилген, ал коопсуздук максатында ар бир 50 мүнөттөн кийин 10 мүнөт өчүп турат. Желдеткичтин 4 деңгээлдүү күчүн тандоого болот.

Камерада шкаф, телевизор, тамак ичүүчү үстөл (ошол эле үстөл тамак ташыгыч катары колдонулат), идиш-аяк жана даараткана бар. Бирок жуунучу жай (раковина) жок. Юн полдо уктап жатат — бул Кореяда адаттагы көрүнүш, анткени бул өлкөнүн тургундары эркин кезде да полдо уктоого көнгөн. Түрмө ага төшөнчү берди. Душ жалпы колдонуудагы, бирок график түзүлүп, камактагылар бири-бири менен кезикпегендей уюштурулган.

Камакка алынган күндүн тушкусунда Юн Сок Ёл твенджан-ччигэ (соодо буурчак пастасы менен даярдалган коюу шорпо), бууланган жумуртка, бадыраң жана пияз кошулган салат, ошондой эле кытай капустасынан жасалган кимчхи менен тамактаныптыр. Кечки тамакта соянын өсүмдүк уруктары кошулган шорпо, ачуу калемпир пастасы кошулган пульгоги (бышырылган эт), жашыл калемпирге ссамджан соус жана кимчхи берилген.

Последние новости