www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-апрелдеги парламенттин пленардык отурумунда депутат Курманкул Зулушев өкмөт башчы Сапар Исаковдун үстүнөн Баш прокуратурага даттануу жазганын билдирди.
«Сапар Исаков мени жалган айтты деп айтып жана ал маалыматты өзүнүн жардамчылары аркылуу интернетте жайылтты. Мен «өкмөт- банкрот болду» деп айтканда, премьер-министр кадр маселесине өтө көп көңүл буруп атат, бирок реалдуу иш жүрбөй турат деген мааниде айткам», - дейт ал.
Ал өзү парламенттеги оппозициялык фракцияда экенин жана өкмөттүн дарегине сын айтуудан эч кандай жаман нерсени көрбөй турганын эске салат. «Өкмөттү депутаттар дайындайт, анда неге биз сындай албашыбыз керек?», - деп кайрылды ал Сапар Исаковго.
--«Мен бул боюнча Баш прокуратурага жаздым. Алар эмне жооп кылышаарын эртең көрөбүз. Эгерде сиз мени жалган айтты деп эсептесеңиз, анда интернетке маалымат жайылтпай эле, мени түз эфирге чакырсаңыз болмок», -деп кошумчалады ал.
Мындан тышкары К. Зулушев экс-президент А. Атамбаевге да кайрылуу жасады.
--«Атамбаевдин КСДПнын курултайында сүйлөгөн сөзүнөн кийин, мен элге кайрылууга милдеттүүмүн. Экс-президент мени судьянын атын уятка калтырганы үчүн соттон кууп чыгышкан деди. Бирок, соттор өз пикирин айтууга укуктуу эмес экенин биздин мамлекетте баары билишет. Бардык чечимдерди жогору жактан көзөмөлдөшөт. Мен азыр сырды жашырууга милдеттүүмүн. Бирок, эгерде Атамбаев мени аргасыз кылса, анда мен жана менин үй-бүлөмдүн мүчөлөрү алган баардык коркутуулар менен жазылган SMS-билдирүүлөрдү алып чыгам. Ошондой эле менин дарбазама кемсинтүү иретинде жазылган сөздөрдү айтам. Экс-президент өзүнүн статусу менен макул болууга убакыт келди. А мен болсо эч качан кимдир-бирөөнүн көрсөтмөсүн аткарган эмесмин», - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg