www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Химиялык куралга тыюу салган эл аралык уюм Сириянын Дума шаарында иликтөө жүргүзүүгө даяр экенин билдирди. Бул үчүн атайын миссия барып, 7-апрелде карапайым калкка каршы химиялык курал колдонулган-колдонулбаганын текшерет. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Билдирүүдө эл аралык уюм Думада химиялык курал колдонуу туурасында ар кайсы булактардан маалымат жыйнап, аларды талдап жатканы да айтылат.

Эл аралык уюмдун башкы директору Ахмет Узюжю Думада атайын миссияны жайгаштыруунун жолдорун карап жатат.

10-апрелде уюмдун техникалык катчылыгы Сириянын бийлигинен эл аралык миссияны жайгаштырыш үчүн даярдык көрүүнү өтүнгөн. Билдирүүдө миссия жакын арада Сирияга келүүгө камданып жатканы айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости