www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Арменияда экс-президент Роберт Кочерян менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ-ОДКБ) башкы катчысы Юрий Хачатуровго конституциялык түзүлүштү төңкөрүү аракети боюнча айып тагылды. Аларды 2008-жылдын 1-2-мартында алдын-ала макулдашуу менен кан төгүүгө барган деп күнөөлөшүүдө.
Ю.Хачатуров ал кезде Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн Ереван гарнизонун башкарып турган. 2008-жылдын 20-февралында талапкери утулуп калган оппозиция нааразылык митингине чыккан. Он күнгө созулган акциянын аягы 1-2-мартта митингчилер менен күч органдарынын кагылышы менен аяктаган. Кагылышууда 10 адам каза таап, 200 ашууну жаракат алган. Ошондон кийин Ю.Хачатуров Армения Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги болуп көтөрүлүп кеткен болчу. Ал эми 2017-жылы ЖККУнун Башкы катчылыгына дайындалган.
Экс-президент менен Генсекке тагылган айып боюнча аларды камака алуу маселесин биринчи инстанциядагы сот карап жатат.
Булак: NazarNews.kg