www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда Аксы районун кызматынан кетип, ордуна жаңы киши келет деген уу-дуу кеп бар. Азырынча, бул райондун башчылыгына барууга ниеттенгендер көп болгону менен татыктуулары аз. Айталы, азырынча, район акимдигине барса ишти илгерилете тартып кете тургандардын эң эле башында, учурда акиминин биринчи орун басары кызматын аркалап жаткан Эмилбек уулу Талантты айтсак болот.
Аксылыктардын айтымында, ал көп жылдар бою карапайым мугалим болуп иштеп, кийин мектептин директорлугуна жеткен. Андан соң айылдаштарынын колдоосу менен Аксыдагы эң чоң айыл өкмөттөрдүн бири Кара-Суу айыл өкмөтүн башкарган. Ал айыл өкмөттү жетектеген жылдары иш билгилиги менен оозго алынат.
Анткени, ага чейин Кара-Суу айылында айыл өкмөтүнүн өз имараты болбой, мамлекеттик кызматкерлер ар кайсы үйгө, эски имараттарга баш калкалап келген. Талант Эмилбек уулу жеке байланыштарынын жана өкмөттүн колдоосун табуу менен жаркыраган имаратты жер пайынан баштап куруп, айыл өкмөтүн имараттуу кылат. Ошондой эле айылдагы бир топ социалдык көйгөйлөр чечилип, айылдаштары эле эмес райондо кадыры өсөт.
Ушундан улам, 2016-жылы азыркы Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөттү жетектеп турган учурда мыкты айыл өкмөт башчыны Аксы районунун биринчи орун басарлыгына дайындап, ишеним көрсөткөн. Ошондон бери ал аким менен бирге райондогу бир топ алгылыктуу иштердин башында болуп, ага ишти ишенип тапшырган тараптардын алкоосуна татыган. Ошондуктан, азыр Аксы акимдигин мелжегендердин ичинен алдыга суурулуп чыгып, Өкмөттүн көзүнө көрүнүктүүсү эле Талант Эмилбек уулу экени ырас.
Эмгек жолун мугалимдиктен баштаган, баардык тепкичтерди басып өтүп, калктын көйгөйүн жон териси менен сезген ал аким болсо райондун эле жеңиши эмеспи. Билгендер ал Аксынын 90 жылдык мааракесине уюштуруу иштеринде өзүн башкалардан уюштургуч, иштин көзүн таап, идеяларга бай болгону менен көрсөтттү деп жатышат. Баса, айрымдар аны саясатка байлап, мурдагы бийлик башчыларынын Аксыдагы таасирдүү адамдарына жакын киши катары санай баштаптыр. Бул да болсо потенциалдуу талапкерге карата жылма бут тосуу да. Болбосо, эмне?!
Булак: NazarNews.kg