www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу тууралуу укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүн карап, аны жарым-жартылай канааттандырды.

Укук коргоочу өз кайрылуусунда кол тийбестикти таптакыр алып салууну өтүнсө, Конституциялык палата "кол тийбестик керек, бирок ага кошуп кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары да каралсын" деген мааниде бүтүм чыгарды. Ошентип экс-президенттердин кол тийбестиктен ажыратууну парламент карай турган болду.

Эске сала кетсек, депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттин чексиз кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзамдык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости