www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темирди эскеришер бекен?

Үч күндөн кийин Темир Жумакадыровдун жол кырсыгынан мерт болушуна бир жыл толот. Тилекке каршы ушул күнгө чейин бир да жолу ал тууралуу кеп козголгон жок. Кайран жигит, таң азандан Таласка шайлоо маселесин чечем деп сапар тартып баратканда кырсыкка учурап, чымындай жаны асманга учуп кетти. Ошол кезде кырчылдаган кармашуу болуп турган эле.

Өмүрбек Бабановдун чүкөлөрү сакага айланып, башка талапкерлерди таракандай кылып таман алдында калтырам деген кыялда өпкөсү көөдөнүнө батпай көөп турганын байкаганбыз. Ошондуктан Алмазбек Атамбаев мыкты кадрларды чуктап, маанилүү тапшырмаларды берип, өзү баарын көзөмөлдөп турууга аргасыз болгон. Айрыкча шайлоону жетектөөгө белдүү, курчтугу менен өзгөчөлөнгөн кадрга басым жасаган. Мындай баага Темир Жумакадыров татыктуу экенин жазбай жүрөгү менен сезген.

КСДПдан чыккан талапкердин зоболосун көтөрүүгө, кандай болсо да жеңишке жеткирүүгө бүткүл команда кырчылдашкан кармашка аттанышкан. Ал тургай кээ бир өлкөлөрдүн падышасы менен кер-мур айтышууга чейин барышкан. Өздөрү көтөрүп чыккан талапкерди тактыга отургузуу ниети акыры улуу жеңиш менен аяктады. Тилекке каршы ошол айыгышкан күрөштүн чок ортосунда жүргөндөрдүн айрымдары бозала болуп отуруп калышканы кайсы логикага сыят? Ким билет, балким Алмазбек Шаршенович убакыт таап Темир Жумакадыровду эскерип койуга көңүлүн бураттыр? Ошол эле “Форумга” санаалаштарын чогултуп куран түшүрүп койгонго жараса керек? Ал эми азыркы ажобуз Сооронбай Жээнбеков деле бир мүнөт ордунан туруп эскерип койсо неге болбойт? Кантсе да шайлоонун кесепети тийип о-оо дүйнө салбады беле, кайран жигит. Адамкерчилик деген тирүүчүлүктө башкы сапат. Оболу ушул сапатты кирдетпейли.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости