www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президентти кол тийбестигинен ажыратууну сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.

«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери тууралуу» мыйзамга мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү парламент депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев демилгелеген. Долбоордун авторлору экс-президентке кол тийбестикти кепилдеген мыйзамдагы 12-берене Конституцияга каршы келет деп эсептеп, ал беренени алып салууну сунушташкан.

3-октябрда Жогорку соттун алдындагы Конституциялык палата укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу тууралуу өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган.

Укук коргоочу "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү" мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга каршы келет деп таануу өтүнүчү менен кайрылган. Мыйзамдагы бул норма экс-президенттердин кол тийбестигин абсолюттук түрдө камсыз кылат.

Конституциялык палата мыйзамдын 12-беренеси “Баш мыйзамга каршы келет” деп таап, бирок экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуунун жол-жобосунун жоктугун көрсөткөн.

Кыргызстанда экс-президент статусу Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевде гана бар. Аскар Акаев менен Курмабек Бакиев мындай макамдарынан революциялардан кийин ажыратылган.

Булак: "centralasian"

Последние новости