www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-октябрда Валентина Булига башында турган Молдова Республикасынын парламентинин Социалдык коргоо комитетинин өкүлдөрү Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө комитет төрагасынын орун басары, депутат Алмазбек Токторов, бүгүнкү жыйынга катышып жаткан Молдова парламентинин өкүлдөрү өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрү менен жакындан тааныш экенин белгиледи. “Молдова парламентинин өкүлдөрү биз менен тажрыйба алмашып, интернат тибиндеги балдар мекемелерин реформалоо тууралуу кенен айтып беришет. Эки өлкөнүн парламент өкүлдөрүнүн тажрыйба алмашуусу жакшы көрүнүш”,-деди Алмазбек Токторов.

Ал эми Молдова Республикасынын парламентинин Социалдык коргоо комитетинин төрайымы Валентина Булига эки тараптуу кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Эске сала кетсек, аталган жыйынга Молдова Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана үй бүлө министрлигинин башкы катчысы Виорика Думбрэвяну жана Молдова Республикасынын Жалпы билим берүү башкармалыгынын башчысы Валентин Круду катышты деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости