www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Саламатсызбы Ахматбек Келдибекович, бүгүн, Кыргызстандагы ММКлардын бирине Сиз жөнүндө жазып чыгышты. Сиздин ага көз болгон карашыңыз...

-Биринчиден Кыргызстанда чала сабат юристер жана саясый серепчи деген көбөйдү. Менимче бул көрүнүш Ак үйдүн адаттагыдай технологиясына кирет. Эптеп эле өздөрүнүн мыйзамга дал келбеген ойлорун ортого салган болуп чыга келишет. Мындай технологияны мыкты өздөштүргөн тээ илгери бирөө бар эле, жакшы кызматынан кетип угушума караганда штаб башкарып жүрөт дешти. Кыргызстанда негизги Баш мыйзам болуп Конституция эсептелет, андан кийин калган мыйзамдар бар.

Баса белгилеп айтып кетчү нерсе президенттикке талапкерликке койгонду “бийлик руксат береби же бербейби” бул негизги максат эмес. Биринчи президентти эл тандашы керек. Эгерде эл сени “президент кылып шайлайм” десе, “Кудай президенттикти маңдайыңа жазса” мындай чала сабат юристердин айткандары эч кимге жолтоо боло албайт. Ошондуктан Кудай буюрса элим колдоп, президент болуу бешенеме жазылса күздө болчу президенттик шайлоого аттанамын. Кыргызда, “чабал өрдөк эрте учат” деп коет, андыктан эрте учкандар уча берсин. Ар бир нерсенин өзүнүн убактысы бар.

Биз жөнүндө буга чейин ар кандай жөө ушактарды таркатышты, “тигиге барып кошулуптур, тигиге келиптир” - деп. Мен эч ким менен эч нерсе сүйлөшкөн жокмун. Албетте, саясатчы катары саясатчылар менен жолугушуп турамын. Калган саясый жүрүштө бирөөлөргө убада берип, тигини колдойбуз же тигиге кошулабыз деп убада берген жокпуз.Тактап айта кетүүчү негизги нерсе мыйзамдын негизинде гана иш алып барып жатамын. Ал менин конституциялык укугум. Калганын убактысы келгенде көрө жатарбыз.

-Ахматбек Келдибекович, “үчилтиктин” учурдагы абалы жөнүндө кыскача айтып кетсеңиз?

-Үчилтикти ажырата албай, көпчүлүк кыйналып убара тартып жатышат. Анткени ажырашпай эле үчөөбүз тынымсыз жолугушуп, саясый иштерди чогу алып баруудабыз. Президенттик шайлоо боюнча үчөөбүздүн сыр туткан тактикабыз бар. Ошол тактиканы учуру келгенде күбө болосуңар. Ал саясый сыр эч кимге айтылбайт. Убагы келгенде ошол тактика ачыкка чыгып, баарын таң калдырып Кудай буюрса жеңишке жетебиз деген ойдобуз.

-Буюрса, чоң жарышка аттанганы турасыз, айрым каралоолор Сизди капа кылган жокпу?

-Маанайым эч качан түшкөн эмес,“сайга батпаган сансыз сөздөр” боло берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости