www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Так ушул тапта,  президенттик шайлоого аттангандардын саны көбөйдү. Дегеним, көпчүлүк президенттикке талапкерлердин бир нерсе көңүлүнө туура келип келбесе дагы көгүлтүр нерсени көрүп, кызыл нерсе көрсө жүгүргөндөрдүн саны оголе арбыды. Баарынан кызыгы гвоздика гүлүн көтөрүп, өмүрү эскербеген энелерди эстеп Темир Сариев чыкса, Өмүрбек Бабановы болсо, бапылдап сүйлөгөнүн койбой, эрте келген жаздагы турналар болду.

Аламанга эрте аттанып, алкынып-жулкунгандар аман болсун. Ал тургай алды Бакыт Төрөбаевге окшогон чычалактар ММКлардын бирин сотко да берип жиберди.

Карап турсаң президент болбой туруп кадырын салган мындай талапкерлерден кудай сактасын. Анткени өлкө башчысы болбой туруп, эшектен секирип түшүп, эмитен сотко берсе, өлкө башчысы болгондон кийин ММКларды четтен камабайт деп ким кепилдик берет.

Баарынан да азыркы айрым президенттикке талапкерлер Орусяи мени колдойт дегенине кыжырым кайнайт. Алар Орусия менен эсептешип кыргыз эли алардын көзүнө көрүнбөйбү. Макул ар кимдин “мнениесин” угуш керек бирок, ашыкча атты камчы менен сабай  бериштин кереги жок деп ойлоймун.

Айткандай, менин угушума караганда Алайдын чыгаан уулу Ахматбек Келдибеков дагы президенттикке ат салышат деп уктум. Бул киши ушул тапка чейин өз оозунан “президенттикке талапкерлигимди койдум” деп ооз ачпай, канчалаган ММК тепкилесе деле унчукпай эле келе өзүнүн каршы пикирин айтпай келе жатат. Мындай тепсе термелбеген адамды биринчи көрүшүм. “Деги Ахматбек Келдибеков президенттикке аттанат бекен ыя?” деген суроо эл арасында билинбегени менен көп айтылууда.

Кандай болгон күндө дагы кыргыздын таза кандуу уулу президент болуп, кыргызга пайдасы тийсе деген тилек.

Урматбек Акунов, “Теңир тоо ынтымак” коомунун жаштар төрагасы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости