www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Наташа Алиева жайкы каникулда Минск шаарындагы отелдердин бирине убактылуу акча табуу максатында жумушка орношот. Анын жашоодогу чоң бурулушу дал ошол отелден башталаарын оюна да алган эмес.

Күндөрдүн биринде Дубай өлкөсүнүн ханзаадасы Саид бен Мактум аль-Мактум жеке иштери менен Минск шаарына келип, Наташа иштеген отелге түнөп калып, аны бир көргөндө эле сүйүп калат. Таанышканына 5 күн болгондон кийин, шейх кыздын ата-энесине өзү барып, “Мен Дубай өлкөсүнүн ханзаадасымын. Атым Саид. Сиздин кызыңыз менен 5 жолу гана жолугуп, сүйлөштүм. Колун сурап, алдыңыздарга келдим” – деп, Наташага үйлөнүү сунушун киргизет. Наташа жигиттен мындай сунушту күткөн эмес. Ал бир эсе чоочуласа, бир эсе таң калган. Бирок, жыйынтыгында макул экендигин билдирген.

Ошондон тарта Наташанын жашоосу түп-тамыры менен өзгөргөн. Ал күйөөсүнө экинчи аял болуп тийгенин кийин билген. Саиддин биринчи аялынан 5 кызы болгон. Мамлекеттик ар кандай мааракелерге ал дайыма биринчи аялын гана алып барат. Ал эми орус кызы Наташага “Аиша” деген мусулман аты ыйгарылып, ал ислам динин кабыл алган. Аиша учурда хан-сарайда жашап, кызын тарбиялап келет.

Булак: "gezit.kg"

Последние новости