www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мекенинде баркталбай Түркия жарандыгын алган өзбек ырчысы жана композитор Абдулазиз Карим социалдык түйүндөр аркылуу видеокайрылуу жолдоп, Өзбекстан чек арачыларын “эл душманы” деп атады. 44 жаштагы ырчы мындай кайрылуу жолдоого Өзбекстандын чек ара кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери себеп болгонун айтты.
Ырчы ырастагандай, 10-июнда Өзбекстандын чек ара кызматкерлери анын 76 жаштагы атасын өзбек-казак чек арасында кармашкан. Ырчынын атасы Түркиядан коңшу Казакстан аркылуу Өзбекстанга келе жаткан. Ал чек арачылар карыган атасына карата тыңчылык жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча жалган жалаа жабышканын билдирүүдө.
Милиция бөлүмүндө анын атасынын паспортун тартып алышкан жана карыган кишиге карата кылмыш ишин козгошкон.
“Мен ошол чек арачыга суроо бергим келет: Ыйык Рамазан айында 76 жаштагы карыяга жалаа жабууга кантип дитиң барды? Ал Абдулазиз Каримовдун атасы болгону үчүн күнөөлүүбү? Менин 2-класста окуган кызым бар. Демек, сен аны дагы темир тор артына отургузуп ташта. Сен – өзбек элинин чыныгы душманысың!”, - деп айтылат видеокайрылууда.
Абдулазиз Каримдун билдиришинче, атасы эки жылдан бери Стамбулда анын үйүндө конокто жүргөн. Чек ара кызматкерлери карыяны мөөнөтү өткөн виза колдонууга айыпташууда.
Булак: inter.kg