www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөдөгү эң атактуу моделдердин катарын толуктаган Ирина Шейк акыркы жылдары мода дүйнөсүндө абсолюттук ийгиликтерге жетишип, кызыгууну арттырууда. Бүгүн биз Кыргызстандык эмес, дүйнөгө таанымал моделден маек сунуштайбыз!
- Ирина, өзүңүздү бир формада кармоо үчүн эмне кыласыз?
- Акыркы учурларда мен бокс менен алек боло баштадым. Мага жакты, себеби менин машыктыруучум өз ишин билген адам. Бокс- маанайдын көтөрүлүшүнө салым кошкон спорттун түрү. Ал эми өзүмдү бир формада кармоо үчүн тынымсыз спорт менен алектенип, өзүмдү айрым тамактардан чектеп жана ар дайым позитивдүү маанайда күлүп жүргөнгө аракеттенем. Айрым учурда дүкөнгө да жөө басып баруу абдан пайдалуу экенин эсибизден чыгарбаш керек.
- Кандай кийинген жагат?
- Мага өзүмө жарашкан, маанайды көтөрө турган ачык түстөрдөгү жана эң башкысы сексуалдуулукту баса белгилей турган кийим-кечектерди кийген жагат. Күнүмдүк жашоодо мени бийик така бут кийим жана көйнөк кийип жүргөнүмдү эч көрбөйсүздөр. Ал нерсенин баардыгы менин жумушумда жетиштүү. Көчөгө чыгуу үчүн макияж, чач жасалга жасап, кийим тандабайм. Кийимде акча маанилүү эмес, анын ичинде өзүңдү ыңгайлуу, эркин сезүү маанилүү!
- Кызык... Кандай кийим кийгенде өзүңүзду сексуалдуу сезесиз?
- Ич кийим кийип жүргөнүмдө өзүмдү абдан сексуалдуу сезем. Менин пикиримде жылаңач жүргөнгө караганда ич кийимчен жүрүү эффективдүү, сексуалдуу көрүнөт деп эсептейм. Жумушума байланыштуу менин ич кийимдерим абдан көп. Алардын саны абдан көп болгондуктан, курбуларыма белек кылып тартуулап турам.
- Абдан көп саякаттайсыз, кайсы жерлерде болуу сизге жагат?
- Мага Италия абдан жагат, Мальдиваны сүйөм! Нью-Йоркто жашагым келет. Акыркы он жылда мен тынымсыз саякаттап жүрөм. Кайсы өлкөдө барбайын ал жерде өзүмдү өз үйүмдө жүргөндөй сезүүгө көнүп калдым.
- Нью-Йоркто белгилүү модель досторуңуз барбы?
- Абдан көп досторум бар деп айта албайм. Атактуу же атактуу эмес деп досторумду бөлбөйм, эң башкысы алар жакшы адамдар болуулары керек. Менин көпчүлүк курбуларым эч кимге белгилүү эмес, бирок биз көп жылдан бери достошуп жүрөбүз.
- Коомчулуктан өзүңүздү кантип коргойсуз?
- Менин жеке жашоом- менин мейкиндигим, аны ар дайым коргоп турам. Кол телефонума көп сүрөткө түшө берүүнү жактырбайм. Аны жоготуп алсам, менин жеке сүрөттөрүм коомчулукка жайылып кетишин каалабайм.
- Бул жашоодо сизге берилген эң пайдалуу кеңеш кайсы? Аны менен бөлүшө аласызбы?
- Эң баалуу кеңештерди мен апамдан жана чоң апамдан алгам. Алар жан дүйнөмдү ачып, жакшы нерселер менен толуктап турушат. Алардын кеңештери менен көп ийгиликтерге жетишип, эл оозуна алынып олтурам. Бизнесимде да мен жасабайын деген нерсени “Жок, сен жаса” деп айтышат. Бул жашоодо өзүңө ишенсең, баардыгын татып көрсөң анда алдыга сөзсүз жылат экенсин деген ойго келдим.
Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg