www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шоу-бизнесте өзүнүн эмгеги менен элге таанылып, кыргыз тилинде обон созуп той-топурда кызмат кылып жүргөн Юлия Руцкая бул ирет бизге кызык болгон суроолорубузга жооп берип кайтты.

- Юлия, чыгармачылык сен үчүн?

- Чыгармачылык менин эң сүйүктүү ишмердүүлүгүм. Аны менен ар дайым алек болом. Бул жашоодон тапкан байлыгым десем да жаңылышпайм. Ырчы болгон соң, музыкалык билим алып өзүмдү өстүрүүнү азыр да улантуудамын.

- Кыялданганды жакшы көрөсүңбү?

- Ооба, кыялданган абдан жагат. Бала кезимден бери эле кыялдарым менен жашап келем. Мектепте окуп жүргөнүмдө кыялдарым абдан көп эле. Пионист, дипломат болгум келчү. Жакшы нерселерди кыялдансаң сөзсүз орнудалат экен. Мен буга толук ишенем.

- Спортко кызыгасыңбы?

- Ооба, эл адамы болгон соң ар бир ырчы айым өзүн бир калыпта кармоо үчүн спорт менен жакын достошуу керек. Машыгуучу залдарга барып турам. Күнүгө чуркайм, диета кармайм дегенден алысмын. Жумасына бир, эки ирет спорт менен алектенүү мага жетиштүү. Мага баарынан велосипед тепкен абдан жагат. Бирок, тилекке каршы велосипед тепкенди билбейм. Атайын убакыт бөлүп, тепкенди үйрөнүшүм керек болууда.

- Эмнеден коркосуң?

- Курт-кумурскалардан абдан корком. Бир жолу “Ала-Арча” тоосуна чыкканымда мени бир нерсе чагып алып, температурам 40 градуска чейин көтөрүлүп, бир жума үйдөн чыкпай жаткам. Ошондон бери өзүмө сак болуп, тоого да чыккым келбей калган.

- Эгер сен жаныбар болсоң, кандай жаныбар болот элең?

- Бул тууралуу эч качан ойлонуп көрбөптүрмүн. Ммм... Ит болсом керек. Себеби, алар абдан ишеничтүү, чынчыл болушат. Мына ушул мүнөздөр менен сүрөттөп өткүм келет. Үйдө эки пародадагы итим бар. Аларды абдан жакшы көрөм.

- Жылдыз оорусу сага таанышпы?

- Жок, бул оору менен ооруп көргөн эмесмин. Эмнеге оорубайм аны дагы жакшы билем. Себеби, бул оору менен ооруп жапа чеккендерди көрүп жүрөм. Чыгармачылык жолду тандаган соң бул оорудан алыс болуп, арканды алыс таштоо керек. Кандай гана күн болбосун эң башкысы адам бойдон калуу деп эсептейм.

- Ысымыңды ким койгон?

- Менин ысымым грек элине таандык. Назик, мээримдүү, илбериңки, тармал деген маанин билдирет. Ысымым менен өзүм дал келишим керек. Себеби, бала кезимде чачым абдан тармал болчу. Ысымымды чоң апам койгон. Апам кош бойлуу кезинде чоң апам менен Ялтага барып эс алып, ошол жерден тармал чачтуу, абдан сулуу кызды көрүп анын ысымын сураганда “Юлия” деп жооп берген экен. Чоң апам эс алуудан кайткандан кийин мени ошол кыздай болсун деп бул ысымды ыйгарган экен. Өзүмө ысымым абдан жагат.

- Кыргыз тилинде эркин сүйлөй аласыңбы?

- Так эркин сүйлөй алам дегенден алысмын. Азыр да үйрөнүп жүрөм. Мага кыргызча сүйлөгөндөр болсо түшүнөм. Бирок, оюмду так кыргызча жеткире албайм. Бул менин кемчилигим деп билем. Акценти жок сүйлөө менин кыялымда бар. Бир айга мени Нарынга жөнөтүп коюшса, так сүйлөп калсам керек... 

- Жеке жашооңдо бактылуусуңбу?

- Жеке жашоом мага гана таандык деп билем. Аны эч ким менен бөлүшкүм келбейт. Жеке жашоосун жарнамалап, пиар кылып жүргөн кесиптештерим бар. Бирок, алардын кылгандары туура эмес!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости